БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кенешинин 4 жыйыны 29-чакырылышы
2023-жылдын 1-июну № 40-п
Байтик айыл аймагындгы жерлерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун карап жана талкуулап чыгып, Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик айыл өкмөтү:
· жер тилкелеринин чектерин жана контурларын тактасын;
· жерлерге мунапыс берилген объекттерге менчик укугун камсыз кылуу үчүн тизме такталсын;
· жеке турак-жай имараттары менен курулган сугат айдоо жерлерин өткөрүп берүү (трансформациялоо) үчүн зарыл документтерди даярдап жана аларды тийиштүү органдарга жөнөтүлсүн;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |