БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 7
«Баткен шаарды өнүктүрүү фонду» муниципалдык мекемени түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 38-беренелерине жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-январындагы корутундусуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-январындагы №01-13/206 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын ХХII сессиясытоктом кылат:
1.«Баткен шаарды өнүктүрүү фонду» муниципалдык мекемени түзүүгө макулдук берилсин.
2.«Баткен шаарды өнүктүрүү фонду» муниципалдык мекеменин Уставы негизинен бекитилсин. (Устав тиркелет).
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышы Баткен шаарынын мэри И.Буркановго милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
КР Министрлер Кабинетинин
16.01.2023-ж. №20 токтому менен бекитилген
Типтүү жобонун негизинде
иштелип чыккан
Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.
2. Фонддун иши Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Уставдын негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Фонд Баткен шаарды өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жак макамына ээ жана муниципалдык мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
4. Баткен шаардык өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп Баткен шаарынын мэриясы саналат.
5. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
6. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналык системада бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.
7. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
- Ушул Уставда колдонулуучу түшүнүктөр
8. Ушул Уставда колдонулуучу түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси – Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка (конкурска) катышууга долбоордук өтүнмө берген Баткен шаарынын мэриясы, муниципалдык мекеме-ишканалар, мамлекеттик орган же ишкердик субьекти;
2) долбоордун аткаруучусу – долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан жактырылган жана долбоорду каржылоого Фонд менен келишим түзгөн Баткен шаарынын мэриясы, муниципалдык мекеме-ишканалар, мамлекеттик орган жана ишкердик субьекти;
3) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр – социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык обьектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфраструктуралык обьект – мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфраструктуралык долбоор – Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктуралык обьектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү коомдоштукту мобилизациялоо – Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун, жарандардын уюшкан топторунун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө – типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча сынакка (конкурска) катышуу үчүн Баткен шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, мамлекеттик органдын жана ишкердик субьектинин атынан сунушталган долбоордун сыпаттамасы;
8) долбоорду каржылоо планы – долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүү жана балоо планы – долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун ишинин натыжалуулугун балоодо ушул Уставдын талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында, байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор – билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөсүндөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын максатка багытталган, убактысы чектелген иши;
11) экономикалык долбоор – пайда алуу максатында ишкердик субьекттери тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
12) стартап долбоор – бул көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган, олуттуу жакшыртууларга алып келген, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык манилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;
13) ишкердик субьекти – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында, өзүн тобокелдикке салып жана өзүнө мүлктүк жоопкерчиликти алып, мыйзам менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар;
14) экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуу – Баткен шаарды өнүктүрүү фонддун жана ишкер субьекттеринин биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, жана мындай долбоорлор боюнча финансылык макулдашуулар Фонд тарабынан берилген каражаттарды максаттуу пайдалануу, акы төлөө, мөөнөттүү жана кайтаруу боюнча субьекттердин милдеттенмелери каралган шарттагы, биргелешкен иш.