Редакцияот NaN.NaN.NaN
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 10

Баткен шаарынын  Баткен-Чек магистралдык жолунун түндүк тарабындагы Айжигитов Бостонбайдын 0,50 га өлчөмүндөгү “айыл чарба багытындагы” жер аянтынын багытын “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка  багыттагы жерлер” багытына  өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123  Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун 1-пункутчасына, Кыргыз Республикасынын            2013-жылдын15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана   Баткен шаарынын мэриясынын   2024-жылдын 23-январындагы  №01-13/167  катына,    Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын  2024-жылдын 23-январындагы    кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын  Баткен-Чек магистралдык жолунун түндүк тарабындагы  Айжигитов Бостонбайдын 0,50 га өлчөмүндөгү “айыл чарба багытындагы” жер аянтынын багытын “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка  багыттагы жерлер” багытына  өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.Керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу  үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

Төрага

А.Аширов