Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 14

Баткен шаарынын  Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын  М.Салихов көчөсүнүн 22-үйүнүн  тургуну  Жаныбеков Алмаздын 728,6м2 турак жай   жер

аянтынын  ичинен 222м2 жер аянтын Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик”коммерциялык ишмердүүлүк зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123  Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында  Баткен шаарынын  мэриясынын 2024-жылдын  23-январындагы   №01-13/147  катынын,    Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын 23-январындагы   кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен  шаарынын   Кызыл-Дөң аймактык  башкармалыгынын  М.Салихов көчөсүнүн 22-үйүнүн   тургуну Жаныбеков Алмаздын 728,6м2 турак жай  жер аянтынын  ичинен 222м2 жер аянтын Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик”коммерциялык ишмердүүлүк зонасына которууга макулдук берилсин.

2.Жаныбеков Алмаздын  728,6м2 турак жай   жер аянтынын  ичинен 222м2 жер  аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов