Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 15

Баткен шаарында   ички маршруттук жол каттамдарынын жүрүү багытын өзгөртүүгө жана №105 жаңы маршруттук каттамды жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 18-27-беренелерине жана Баткен шаарынын мэриясынын          2024-жылдын 23-январындагы №01-13/158 катынын негизинде  Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын кортундусуна  ылайыкБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:

 

           1.Баткен шаарында   ички маршруттук жол каттамдарынын жүрүү багытын  өзгөртүүгө макулдук берилсин. (жол багыты тиркелет)

        2.Баткен шаарынын маршруттук ички №105 жол каттамы жүргүзүүгө макулдук берилсин.

        3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

        4.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

       5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

  

Төрага

А.Аширов