БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 18
Баткен шаарынын тургуну Мураталиева Сайдинсанин Т.Файзуллаев көчөсүндөгү өзүнүн турак жай аянтынан 282,1 м2 жер аянтын Ц-2 “Жергиликтүү маанидеги тейлөө жана соода ишинин борборунун” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-бөлүмүнүн 12-беренесинин 14-пунктуна ылайык жана “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-январындагы № М-35 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын тургуну Мураталиева Сайдинсанин Т.Файзуллаев көчөсүндөгү өзүнүн турак жай жер аянтынан 282,1 м2 жер аянтын Ц-2 “Жергиликтүү маанидеги тейлөө жана соода ишинин борборунун” зонасына которууга макулдукберилсин.
2. Баткен шаарынын тургуну Мураталиева Сайдинсанин Т.Файзуллаев көчөсүндөгү турак жай жер аянтынан 282,1 м2 жер аянтын Ц-2 /“Жергиликтүү маанидеги тейлөө жана соода ишинин борборунун” зонасына которууга керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |