Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 19

 Баткен  шаарынын Кызыл-Жол  кварталынын И.Жусупов көчөсүндөгү элдин демөөрчүлүгү жана  жергиликтүү бюджеттин  эсебинен курулган  “спорт залды” муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123  Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна, “Муниципалдык менчикти башкаруу”жөнүндөгү 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамына ылайык жана   Баткен шаарынын  мэриясынын  2023-жылдын 26-дакабрындагы   №01-13/3419   катынын, Баткен шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш маселелери боюнча комиссиясынын отурумунун 2023-жылдын 27-ноябрындагы №12 протоколунун, Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жермаселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын 23-январындагы   кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен  шаарынын Кызыл-Жол  кварталынын И.Жусупов көчөсүндөгү элдин демөөрчүлүгү жана  жергиликтүү бюджеттин   эсебинен  курулган 2138,05 м2 өлчөмүндөгү спорт зал, муниципалдык менчикке кабыл алынсын.

2.Аталган спорт залды муниципалдык менчикке каттоо жана кабыл алуусун жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов