БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 20
Баткен шаарынын Булак-Башы башталгыч мектебинин ээлеген 1,50 га жер аянтын “сугат айдоо жерлер багытынан социалдык курулуштар багытына” өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна, “Муниципалдык менчикти башкаруу”жөнүндөгү 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамына ылайык жана Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 01-12/3517 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Булак-Башы башталгыч мектебинин ээлеп турган 1,50 га жер аянтын “сугат айдоо жерлер багытынан социалдык курулуштар багытына” которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Аталган жер аянтынын иш кагаздарын жүргүзүү жана жогорку органдарга жеткирүү жагы Баткен шаар мэиясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |