Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 22

 Баткен  шаарынын  Сайдиман ажы көчөсүнүн №1 а дарегиндеги Жороев Абдималиктин менчик  турак жай багытындагы 79,8  м2 жер  аянтын Ц-2 “Коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк”  зонасына которууга

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123  Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1-бөлүмүнүн 12-беренесинин 14-пунктуна ылайык жана “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында,  Баткен шаарынын  мэриясынын 2024-жылдын  22-январындагы   № М-35  катынын,    Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы  кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын  Сайдиман ажы көчөсүнүн №1 а дарегиндеги Жороев Абдималик Саттаровичтин менчик  турак жай багытындагы  79,8  м2 жер аянтын Ц-2 “Коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк”  зонасына которууга макулдук берилсин.

2.Баткен шаарынын тургуну Жороев Абдималик Саттаровичтин жер аянтынын багытын которууга  керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.

       3.Токтом  шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

        4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

       5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов