БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 23
Баткен шаарынын “Коммунизм” көчөсүн атын “Ганыев Арзыбек” деп кайра атоо жөнүндөгү жашоочулардын протоколуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” №564 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы №01-13/3185 сунуш катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIIсессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын “Коммунизм” көчөсүн “Ганыев Арзыбек” деп кайра атоо жөнүндөгү жашоочулардын протоколуна макулдук берилсин.
2.Шаардын ысымдары өзгөртүлгөн көчөлөрү шаардагы тийиштүү мекемелерден каттоодон өткөрүлсүн.
3.Көчөлөрдүн ысымдарын жаңылап атоону жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |