БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы
2024-жылдын 15-январы № 107
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2023-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө.
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин жана Бирлик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жалпы ишмердүүлүгү боюнча аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчеттук баяндаманы угуп, талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин жана Бирлик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жалпы ишмердүүлүгү боюнча аткарылган иштеринин жыйынтыгы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Бирлик айыл аймагынын айылдарынан жалпы аянты 89,43 га жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясынын короо-жай алдындагы жерлер жана көчөлөр астындагы жерлер түрүнө которуу (трансформациялоо) ишин жеке көзөмөлгө алып, аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |