Редакцияот 20.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

28- чакырылышынын 5-сессиясы

2022-жылдын 20-майы № 5-28/26

Жаңы-Жер айыл аймагындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө

Мичурин атындагы көчөнүн  атын  Кулназаров Сакбо көчөсү  деп  өзгөртүү  жөнүндө аталган  С. Кулназарованын  жакындарынын  жана  жашоочулардын  кайрылуусун  угуп, талкуулап

 

Жаңы-Жер айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.     Жаны-Жер   айылында   жайгашкан Мичурин көчөсүн   Кулназаров Сакбо атына өзгөртүлсүн.

2.  Көчөнүн атын  өзгөртүүгө  жана  документтерди алмаштырууга байланышкан бардык чыгымдарды Кулназаров Сакбонун үй-бүлөсүнүн эсебинен төлөнсүн.

3.     Бул   токтом   Кыргыз   Республикасынын   ченемдик укуктук   актыларынын мамлекеттик реестиринен каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Жаңы-Жер айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Казаков