КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №28-36/3
Харьков кѳчѳсʏн Садыр аке атн. кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын №2, №3,№6 аймактык башкармалыгынын, Харьков кѳчѳсʏнʏн жашоочуларынын жыйналыштарынын протоколдорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI сессиясы
токтом кылат:
1. Харьков кѳчѳсʏ Садыр Аке атн. кѳчѳ деп аталсын.
2. Демилгелʏʏ топ:
-кѳчѳнʏ кѳрктѳндʏрʏʏ, жашылдандыруу иштерине ар тараптан кѳмѳк кѳрсѳтʏшсʏн;
-“Каракол шаарынын линиялык жана локалдык транспорттук обьектилерин, кѳчѳлѳргѳ, аянттарга жана башка аймактарга ат коюунун, атын ѳзгѳртʏʏнʏн жана жаңы ысымдарды ыйгаруу тартиби жѳнʏндѳ” Жобонун 10,11-беренесинин бардык зарыл болгон талаптарын аткарсын.
3. Бул токтом ушул токтомдун 3-пункту аткарылгандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
4 Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5 Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
6 Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов