Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралы № 12

 

Кең-Арал айыл аймагындагы суу каналдарына тиешелүү болгон жер аянттарын

Талас облустук жана райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу тартыштыгы жылдан-жылга оор болуп жаткандыгына байланыштуу, суу маселесин жакшыртуу жана чечүү максатында Кең-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII чакырылынынын кезексиз 2-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы №331 чөйрө сызыгындагы “Суу топтоочу жай” (БСР) толугу менен, № 204 чөйрө сызыгындагы узундугу 450 метр жана туурасы 10 метр, № 191, 192, 193, 194, 195, 198, 200, 201, 278, 279, 326, 327, 329, 330 жана 332 чөйрө сызыгындагы Камчы арык каналдары башынан этегине чейин туурасы 12 метр жер аянттары Талас облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловгомилдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Б.Токонов