Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 12-февралы № 13

Кең-Арал айыл аймагынын 2024-2028-жылдарга карата старатегиялык

планын бекитүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловдун айыл аймагынын 2024-2028-жылдарга карата старатегиялык планын бекитүүжөнүндө сунушун карап чыгып Кең-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII чакырылынынын кезексиз 2-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловдун айыл аймагынын 2024-2028-жылдарга карата старатегиялык планын бекитилсин. (1-тиркеме)

2. Токтомдун талаптарын  аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.

Төрага

Б.Токонов

Талас облусу Бакай-Ата району

Кен-Арал айыл аймагы

Кен-Арал айылдык кеңешинин

VIII чакырылышынын

сессиясында бекитилген

Токтом № 13 12.02.2024ж.

КЕҢ-АРАЛ

АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА

СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТИ

Кен-Арал 2024-2028-ж.

Айыл аймактын өнүктүрүү стратегиясы

Кең-Арал айылы Талас областынын Бакай-Ата районунда жайгашка Кен-Арал айылы 136,7 миң кв. метрди түзөт. Райондун борборуна чейинки аралык 34 км, ал эми Талас областын борборуна чейинки аралык 3км жакынкы темир жол байланышына чейин 118 км түзөт. Дениз денгээлинен 1150 м бийиктикте турат. Калкынын саны 3855 адам жана 602 түтүндү камтыйт. Кең-Арал айылынын социалдык жана экономикалык абалы орто.

Талас -Тараз чоң жолунда жайгашкан.

Бул стратегия өлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экономиканын өнүгүүсү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгө өбөлгө боло алат.

Кен-Арал айылы- интелекти бийик атуулдардын мекени.

- Кен-Арал айылынын алдынкы үлгүлүү тургундары ар тараптан айылга өз

салымдарын кошуп келет;

-Кыргыз Республикасынын маданиятына, адабиятына эмгек синирген атуулдары жана ошондой эле спорт чөйрөсүндө белгилүү адамдар чыгып келечек жаш өспүрүмдөрдү дени сак жашоого үндөп, тарбиялап өз салымдарын кошуп келүүдө.

Кен-Арал айылы үлгүлүү айылдардын бири: бирок ошого карабастан өнүгө албай жаткан кемчиликтер дагы жок эмес, бүгүнкү күндүн талабына ылайык заманбап жашоонун негизинде өнүгүшүбүз керек. Себеби, технология өнүгүп айыл аймакка жакшы шарттар түзүлүүдө.

Элес

Кең-Арал айыл аймагы – Адам укугун сактаган жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү маданияттуу,таланттуу, активдүү бакубат жашоо кечирген атуулдардын мекени.

2024-2028жж

Айыл өкмөтүнүн кеңсеси жаңыртылып заманбап технологиялар менен камсыздалган; 

Билим тармагында- жаш өспүрүмдөр билимге кызыккан интелектуалдык жана моралдык денгээли бийик келечек адистердин айылы; 

Жаштардын маданияты, тарбиясы жогору руханий дүйнөсү бай жарандарды камтыйт; 

Спорт жактан алдынкы көрсөткүчтү көрсөткөн «спорттук айыл» деген наамга татыктуу айыл;  

Жылуулук менен камсыз болгон  газ түтүкчөлөрү ар бир үйгө кирген айыл;

Көчөлөрү, жарыктандыруу менен камсыздалган кечкисин кооз көрүнгөн айыл;

 Кең-Арал муниципалитети жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн; 

Төө буурчак өндүрүүдө алдынкы фирма ачуу, дүйнөлүк денгээлде экспорттоочу пункту бар айыл; 

Кең-Арал айылынын борборунда туристтик эс алуучу заманбап паркы жайгашкан;

жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн айыл;

сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөтүү,

Айыл чарбасында малдын санын 80%га көбөйтүү;

Жакырчылыктын денгээли 18%га төмөндөөсү;

Өнүккөн суктанарлык айыл;