Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралы № 14

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган №154-НИ «Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү» буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кең-Арал айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кең-Арал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз 2 сессиясы;

 

1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кең-Арал айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо  боюнча материалдарынын жыйынтыгына оңдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

 

Б.Токонов