Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 48 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү
уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү тартиби (мындан ары - Тартип) окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларына окуу китептерин ижарага берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунун окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысын алуу эрежелерин белгилейт.
2. Бул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) окуу китеби – Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына жана предметтик стандарттарга шайкеш жана окуу процессинде пайдалануу үчүн мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунушталган окуу предметинин, анын бөлүмүнүн жана бөлүгүнүн системалаштырылган баяндалышын камтыган окутуунун көп функциялуу каражаты;
2) окуу китептерин ижарага берүү - жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунан 1-11-класстардын окуучуларына окуу китептерин акы төлөө негизинде бир окуу жылына убактылуу пайдаланууга берүү;
3) ижара акысы - бир окуу жылынын ичинде окуу китебин пайдалануу үчүн акы төлөм, анын өлчөмү ушул Тартипке ылайык мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын белгиленет;
4) «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – «Окуу китеби» басма үйү» ММ) – Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептери менен камсыз болушун жакшыртуу, жаңы окуу китептерин өз убагында басып чыгаруу максатында иштеген мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын республикалык ведомстволук мекемеси;
5) "Окуу китеби" басма үйү" ММнын алыш-бериш эсептери - окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысы түрүндө түшкөн акча каражаттарын топтоо үчүн тейлөөчү банктардагы "Окуу китеби" басма үйү" ММнын алыш-бериш эсептери;
6) тейлөөчү банк - "Окуу китеби" басма үйү" ММны ижара акысы түрүндө түшкөн каражаттар боюнча тейлөө үчүн ачык конкурстун негизинде тандалып алынган коммерциялык банк;
7) мөөнөттүү депозит - "Окуу китеби" басма үйү" ММ тарабынан тейлөөчү банкка белгилүү мөөнөткө сактоого жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы, ал жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунун окуу китептерин жаңылоого гана пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Окуу китептерин ижарага берүүнүн тартиби
3. Ижарага берилүүчү окуу китептеринин тизмеги жыл сайын мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык).
4. Жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунан окуу китептерин эсепке алуу, берүү жана кайтарып берүү жалпы билим берүү уюмунун китепкана башчысы (китепканачы) тарабынан жүзөгө ашырылат. Штатта китепканачынын кызмат орду жок болгон учурда жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен китепканачынын функциялары жалпы билим берүү уюмунун мугалимдеринин бирине жүктөлөт.