Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 48

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету

 

Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2,6-пунктчаларынын жана Кара-Булак айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылыш абалы жөнүндө отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын. (отчет тиркелет)

2.      Айыл өкмөт башчысына 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш- чараларын ишке ашырууга кошумча инвестицияларды жана гранттарды тартуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын

Төрага

К. Шакиров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин  аткарылышы боюнча  маалыматы

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнө  2023-жылга жеткирилген план тапшырма 15597,6 сом болсо, иш жүзүндө аткарылганы 16338,5 миӊ сомду түзүп план 104,75%га, же болбосо 740,9 мин сомго ашыкча аткарылган.

Жыйналган кирешелерге кеӊири токтолуп кетсек, киреше салыгы 10661,3 миӊ сом жыйналып план 102,9% ке же болбосо 304,3 миӊ сомго көп жыйналган, жалпысынан алганда салык жана жыйымдардын 7 түрүнөн жеткирилген план аткарылып, ал эми калган салыктар жана жыйымдар боюнча жеткирилген план тапшырмалар аткарылбай калган, 2022-жылга салыштырмалуу жергиликтүү кирешелердин өсүү темпи 108,0%ды түздү же болбосо    1189,3 миӊ сомго көп жыйналган. Ошол эле мезгилдер жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча өткөн жылга салыштырмалуу көп жыйналган. 

Бюджетинин аткарылышы боюнча 27708,8 миӊ сомду түзүп, жалпы аткарылган бюджеттин 7937,0  миӊ сому теӊдөөчү гранттын, 3729,8  миӊ сому максаттуу грантты жана 16338,5 миӊ сому өздүк кирешелердин эсебинен аткарылган.

Республикалык бюджеттен түшүүчү трансферттер негизинен 2201,5 миӊ сому калктын электр энергиясына компенсациясына, ал эми калган 9465,3 миӊ сому эмгек акы, социалдык төлөмдөрдү каржылоого жумшалган. 

Ал эми жергиликтүү кирешелерден 3879,5  миӊ сому эмгек акы төлөөгө, 295.7 миӊ сому сапардык чыгымдарга, 54,0 миӊ сому интернет жана байланыш кызматына, 300,0 миӊ сому күйүүчү майга жана запастык бөлүктөргө, 5251,6 миӊ сому ар кандай чыгымдарга, 99,6 миӊ кезектеги оӊдоолорго, 1017,9 миӊ сому аркандай сатып алууларга, 574,0 миӊ сом социалдык жардам көрсөтүүлөргө, 450,0 миӊ сом резервдик фондко, 4148,5 миӊ сому курулмалар жана капиталдык оӊдоолорго жана 1803,5 миӊ сому негизги каражаттарды сатып алууларга жумшалган.

Жумшалган чыгымдардын кээ бирлерине токтоло кетсек 736,0 миӊ сомго 88 даана электр мамылары, 450,8 миӊ сомго 12000 метр электр чубалгылары, 300,0 миӊ сомго ГСМ жана унаа тетиктери, 92,9 миӊ сомго концелярдык товарлар, 352,7 миӊ сомго балдар бакчасына кароолкана курулду, 237,2 миӊ сом Кадастрга, 283,2 миӊ сом Архитектурага, 85,4 миӊ сом Гипроземге төлөндү, 778,0 миӊ сомго сметалар даярдалды, 94,6 миӊ сомго Т.Мурзапаров орто мектеби эскилиги жетип капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан окуп жаткан окуучуларды ремонт иши аяктаганга чейин башка имаратка көчүрүп ал жерге класстык бөлмөлөрдү бөлүп жасоо иштерине жумшалды . 79,3 миӊ сом Көрнөк-Жарнактарга, 87,4 миӊ сом жолбун иттерди жана карышкырларды атып жок кылууга, спортчуларды колдоого 300,0 миӊ сом, 574,0 миӊ сом калкты социалдык жактан колдоолорго, 300,0 миӊ сом “Тазалык” ишканасын колдоого, 1750,0 миӊ сом Суу-Башы каналына өздүк салым, 210,0 миӊ сом балдар бакчасынын курулушуна өздүк салым, Бужум айылынын Омонок жана Калинин участкаларына орнотулган трансформаторлорго 417,9 сом өздүк салым. Ал эми айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан 3 жаранга операция үчүн 80,0 миӊ жалпы 450,0 миӊ сом материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Жайыт чыгымдарын каржылоого 150,0 миӊ сом жумшалды.

Ал эми майрамдык жана даталуу күндөргө каралган акча каражаттары толугу менен өз максаттарында иштетилди.

Негизинен Сиздер тараптан 2023-жыл үчүн кабыл алынып берилген иш чаралар 90% га  аткарылды. 

Аткарылбай калган иш чаралар Ынтымак участкасына курулуучу балдар бакчасынын имараты Койка уюуму тарабынан ПСД документтери кеч даярдалгандыктан,  тендер кеч берилип күн суук болуп калгандыктан жумуштар быйылкы жылга калтырылды, ушундай эле себеп менен орнотулуучу  3 даана трансформаторлор да алып келүүсү быйылкы жылга калтырылган. Компьютер сатып алуу, меморандум жарыяланып калгандыктан, эки даана ажааткана куруу сметалык документтери даяр болбогондуктан жана Сары Таш каналына өздүк салым 3 жолу тендерге бергендигибизге карабай эч ким катышпагандыктан аткарылбай калды.  

Сатып алуулар порталы боюнча токтолуп кетсек 2023-жылда котировкаларды суроо тартиби боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6346,2 миӊ сомдук тендер жарыяланып, жыйынтыгында 5376,4 миӊ сомдук товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштар сатып алынды. 400,0 миӊ сомдук кызмат көрсөтүүлөр катышуучулар жок болгондуктан өтпөй калды. Алар 4 даана суу сактагычтын сметалык иш кагаздары.

Ал эми бир булактан сатып алуу боюнча 52 тендер жарыяланып, жыйынтыгында 4109,3 миӊ сомго жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар сатылып алынды.

 

 

   Калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын             

                                  аткарылышы боюнча ________

Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум, Кара-Булак айылдарында жалпы 1-топ 4, 2-топ 256 жаран, 3-топ 119 жаран жана 18-жашка чейинки 105 бала бар. Айыл өкмөтүнүн соц кызматкерлери  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санын тактап ар дайым алардын турмуш шартынан кабар алынып турушат.