Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 49

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган планын жана 2025-2026-жылдар үчүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пунктчасына жана Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 13.02.2024-жылдагы отурумунун корутундусуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 23693.2 миң сом жана 2025-жылга божомолу 25375.2 миң сомго, 2026-жылга божомолу 27464.2 миң сомго бекитилсин.
  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык, анын ичинен теңдөөчү грант 6980,6 мин сом жана өздүк киреше 16712,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыгынын чегерүү өлчөмдөрү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: жалпы 23693.2 миң сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (статьялар боюнча тиркелет).
  1. 2024-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 892.8 миң сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. 2024-жылга Кара-Булак айыл өкмөтүнүн резервдик фонду № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2026 жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2025-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 6980,6 миң сом, өздүк кирешеси 18394,6 миң сом, 2026-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 6980,6 миң сом, өздүк кирешеси 20473,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. 2024-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 200,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары № 8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Шакиров

Кара-Булак айылдык

       кеңешинин VII 

       чакырылышынын

       кезектеги    XXXIV

       сессиясынын 

       19.02.2024- жылдагы

       № 49 токтомуна

№ 1- тиркеме