УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 1-февраль № 183
Улахол ЖПБнин төрагасы Т.Абыкановдун 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Улахол ЖПБнин төрагасы Т.Абыкановдун 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчетун жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол ЖПБнин төрагасы Т.Абыкановдун 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчету “канагаттандыраарлык” деп табылсын.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №183 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айылдык Кеңешинин бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Жолалиев |
Катчы | Д.Чыныбаева |