Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

   Исхак-Полотхан айыл аймагынын  айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз отуз төртүнчү сессиясы

2024-жылдын 08-февралы № 115

 

        Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айыл чарбасы багытындагы эмес жер аянтарына эсептелинген салык өлчөмдөрүнүн жана  коэффициенттерин бекитүү жөнүндө

 

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин  кезексиз отуз төртүнчү сессиясына сунушталган маселелерди, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 8.02.2024-жылдагы №01-11/416 сунуш катын  талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын салык кодексине негиз, айылдык кеңештин кезексиз отуз төртүнчү  сессиясы токтом кылат:

,

1.   Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлердеги пайдалануудагы жер аянтарынын  (Кз) зоналдык коэффициенти салык кодексинин 404-беренесине ылайык 1,5 өлчөмдө бекитилсин.

2.   Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлердеги аракеттеги эмес пайдаланылбай жаткан жер аянтарынын баштапкы (Кз) зоналдык коэффициенти  1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.    Үй-жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна  (тамарка) салык Салык кодексинин 398-беренесинин  негизинде 1 сотикке   15  сом өлчөмүндө бекитилсин.

4.   Салык кодексинин 411 беренесине негиз төмөнкү  категориядагы жарандарга  тамарка салыгынан  0,15 га чектик өлчөмдө женилдиктер  колдонулсун :

• Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;

• кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй- бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;

• пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;

• эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адам. 

5. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы ар бир кожолуктан  алынуучу таштанды чыгаруу үчүн жыйым жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. Коммерциялык багыттагы ишканалардын кызматкерлери үчүн таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым  киши башына жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

7. Токтомду жетекчиликке алуу жана мыйзамда белгиленген тартипте аткаруу жагы  Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.  

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик      иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Кожонов З.Ы.