Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

 

2024-жылдын 31-январындагы  № 88

Оргочор айыл округунун 2024-жылга

карата бюджетин  2025-2026- жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө

                                            

2024-жылга Оргочор айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн бюджеттин бекитүү,  2025-2026 -жылдарга долбоорун жана 2023-жылдагы бюжеттин аткарылышы  жөнүндө  Оргочор айыл Кенешинин бюджет-финансы жана экономика боюнча туруктуу коммиссиясынын төрагасы С.Асаналиевдин билдирүүсүн,   финансы экономика бөлүмүнүн  башчысы Ч.Казиеванын кошумча  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,   Оргочор айылдык  кенешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:  

                                                                                                                                                                                                         

1.     Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы бекитилсин.

 

2.      2024 - жылга карата Оргочор айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 31 777,6 миң сом көлөмүндө жана чыгымдар боюнча 31 777,6  миң сом   көлөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3.       2025-2026 жылдарга долбоор №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.  

4.     Салыктардын контингенти жана чегерүүлөрдүн көлөмү № 3 тиркемеге ылайык каралсын жана кирешелер биринчи кезекте эмгек акыга, соцфондго  чегерүүгө, коммуналдык чыгымдарга  жана жеңилдиктерди төлөөгө жумшалсын. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү булак болгон салыктарды өз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адис Усубакунов Т. милдеттендирилсин.

5.       Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6.     Жергиликтүү бюджеттен мекемелерге каржылануучу эмгек акы, соц.фондусунун чектелген  көлөм  № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

7.     Бала бакчалардын атайын каражатына ата-энелерден келип түшүүчүү акча каражаты 1 602,0 мин сом балдардын тамак аш чыгымдарына бекитилсин.

 

8.      Жаштар иштер боюнча адистин эмгек акысы   адистин денгээлинде  1(бир)-штаттык бирдиги 7040 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин. Ар кандай иш чараларга, баардык спорт оюндарына – 550 миң сом транспорттук чыгымдарына 50,0 мин сом акча каражаты бекитилсин.

 

9.     Өзгөчө кырдаалдарга- 1000,0 миң сом акча каражаты, ушул акча каражаттын ичинен  күйүүчү май алууга бекитилсин. Каралган акча каражаты пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.

10.  Жергиликтүү бюджетке 2024-жылы мергенчилерден келип түшкөн акча каражаты жана жайыт акыларынын  70% пайызы жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.

11.  2024-жылга Оргочор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу иш чаралар:

 

12.1 Оргочор айыл аймагындагы ички жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым   6000,0 мин сом бөлүнсүн.( Дем берүүчү грант менен)

12.2.  Оргочор айылына  жана Боз-Бешик айылдарынын курулуш иштерине ПСД, жайыл китеп алууга, мүчөлүк акы төлөөгө Союз МСУга ар бир жаран үчүн 2 сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин  жана башка кагаз иштерин  жасатууга баардыгы 300,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн.

12.3. “Бел-Совхоз-О” СПАсы объект ишке киргизилгенден кийин реабилитациялык иштердин төлөмүнө 2000,0 мин  сом.

12.4. Оргочор айылындагы жаны ачылган тиш дарылоо кабинетине  жаны жабдыктарды алып берүүгө 800,0  мин акча каражаты бекитилсин.                                                                                                                                                                                                                                                                

12.5.  М.Тынаев билим берүү орто мектебине курулуш иштерине жана жабдыктарды сатып алууга 300,0 мин сом акча бөлүнсүн.

12.6.  Керемет бала бакчасына кенсе буюмдарын жаны жабдыктарды алууга 200,0 мин  сом.

12.7. . Боз-Бешик айылынын Ж.Желденбаева мектебине курулуш иштерине кенсе буюмдарды жана жаны жабдыктарды сатып алууга 180 мин сом акча бөлүнсүн.

12.8. Боз-Бешик айылынын бала бакчасына кенсе буюмдарын сатып алууга  70 мин сом каралсын.

12.9. Жыл ичинде аймак боюнча СОЦ майрамдар жана жыл ичиндеги даталуу майрамдарга, балдарды колдоого, СОЦ жаржамдарга 700,0  мин сом жергиликтүү бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

12.10. жыл ичинде ар кандай чыгмдарга жумшалчу акча каражатка 200,0 сом бөлүнсүн.

12.   Кызматтык автоунаага АИ-92 күйүүчү май алууга ай сайын 300 литр жана автотетиктерди сатып алууга 50 мин сом,  айыл өкмөтүнүн карамагындагы участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунааларына, өзүнүн жеке автоунааларын кызмат учурунда пайдаланган айыл өкмөтүнүн жер адисине, салык инспекторлоруна кызматтык функционалдык милдеттерин өз денгээлде аткарууга көмөк көрсөтүү максатында, ВУС кызматкерине, 3 айылдын айыл башчыларына  айыл ичиндеги ички жумуштарга, ишенбиликке күйүүчү майга баардыгы 192,0 мин сом бөлүнүп берилсин. 2024- жылга күйүүчү май сатып алуу чыгымдарын 2024-жылга каралган жергиликтүү бюжетинин чыгымдар бөлүгүнүн 70629 ЖКХ бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмотүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

13.  2024-жылдын бюджетинен мүмкүнчүлүгү чектелген өтө муктаж жарандарга  СОЦ жардамдарга 200,0 мин  акча каражаты бөлүнүп берилсин.