БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы
2024-жылдын 15-январы № 111
Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынан Өзбекстан Республикасынын Сох району менен чек арасынан баштап Бирлик айыл аймагынын территориясынын сырткы көрүнүшүн (экстерьер) ондоо жана көрктөндүрүү ишин жүргүзүү жөнүндө.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин тапшырмасына ылайыкБирлик айыл аймагынын Чечме айылында Өзбекстан Республикасынын Сох району менен чектешкен жайдан Бирлик айыл аймагынын территориясынын сырткы көрүнүшүн ондоо, 1 км жол боюна тратуар куруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жана боюнча айтылган ой пикирлерди угуп, талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Бирлик айыл аймагынын Чечме айылында Өзбекстан Республикасынын Сох району менен чектешкен чек арадан башталып, Бирлик айыл аймагынын территориясынын сыртык көрүнүшүн ондоо(экстерьер), 1 км жол четине тратуар куруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү иш чарасын Бирлик айыл аймагынын 2024-2026- жылдардагы өнүктүрүу стратегиялык планынын 2024-жылы ишке ашырылуучу иш чаралар планына киргизилсин.
2. Бирлик айыл аймагынын Бирлик айыл аймагынын Чечме айылында жогоруда белгиленген иш чаралар боюнча баштапкы иш кагаздарын жана долбоордук ишин даярдоо Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагыгынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |