Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы

 

2024-жылдын 15-январы № 112

Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылына төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрүн тартууга макулдук берүү жөнүндө.

     Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылынын 11.01.2024-жылдагы  № 1-протоколун жана Жаңы-Коргон айылынын айыл башчысы А.Аслановдун кайрылуусун карап чыгып, бул боюнча айтылган ой-пикир сунуштарды угуп, талкуулап,  Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бирлик айыл аймагынын  Жаны-Коргон айылына жалпы 7930 метр, анын ичинен көчөлөр боюнча: Бостон көчөсүнө-1300 метр , Күн чыгыш көчөсүнө-150 метр, Береке көчөсүнө-700 метр, Ынтымак көчөсүнө 1450 метр,Бак көчөсүнө- 670 метр,Баймат көчөсүнө-2560 метр, Ырыскы көчөсүнө-1100 метр аралыкка төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрүн тартууга макулдук берилсин.

 

2. Бирлик айыл аймагынын  Жаны-Коргон айылына жалпы 7930 метр аралыкка төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрүн тартуу боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы Бирлик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Эшанкуловго жүктөлсүн.

 

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов