Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы

 

2024-жылдын 15-январы №115

Бирлик айыл  аймагындагы “Гороту” каналын  Кыргыз Республикасынын суу ресурстары,  айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук суу –чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө:

   

      Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 72017 катынын негизиндеги Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 24-январындагы чыг. № 01-17/185  катынын негизинде Гороту каналын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча  боюнча айтылган ой-пикир сунуштарды  угуп, талкуулап,  Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бирлик айыл аймагындагы “Гороту” каналы жана ошол канал аркылуу Сур, Ормош , Жаны-Сырт айылдарына , Жаны-Сырт айылы аркылуу Моло, Чечме,Бел айылдарына кеткен ички каналдары жана Бел, Чечме, Ынтымак  айылдарына кеткен “Жоокесек” арыгы Кыргыз Республикасынын суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына  мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилсин.

 

2.2024-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө “Гауян” Суу пайдалануучулар ассосациясы, анын ичинде Гауян каналынын ички каналдары менен кошо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына  мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү маселеси СПА нын өздүк кеңешинде каралсын.

 

3. Бирлик айыл аймагындагы “Гороту” каналын Кыргыз Республикасынын суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына  мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча иш жүргүзүү Бирлик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагыгынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары  Н.Гафуровго жүктөлсүн.

 

 

 

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов