БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы
2024-жылдын 15-январы № 116
Бирлик айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери
категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясынын короо-жай алдындагы жерлер жана көчөлөр астындагы жерлер түрүнө которуу боюнча 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 101 жана № 102 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүулөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4 пунктуна ылайык , Бирлик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Саматбайуулу Санжардын Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 101 жана 102 токтомунун 2 пунктуна өзгөртүулөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунушун угуп, айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Ормош, Жаны-Коргон Жал, Эшме, Кичи-Айдаркен айылдарынан жалпы 87,73 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясынын короо-жай алдындагы жерлер жана көчөлөр астындагы жерлер түрүнө которуу(трансформациялоо) боюнча 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 101-токтомунун 102-токтомунун 2 бөлүгүндөгү 0,15 га жер аянты деген сөз 0,10 га деп өзгөртүлсүн.
2.Бирлик айыл аймагынын Сур, Бел , Чечме айылдарынан жалпы 6,70 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясынын короо-жай алдындагы жерлер жана көчөлөр астындагы жерлер түрүнө которуу (трансформациялоо) боюнча 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 101-токтомунун 102-токтомунун 2 бөлүгүндөгү 0,15 га жер аянты деген сөз 0,08 га болуп өзгөртүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
4 Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Токтосуновго жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |