ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
2024-жылдын 31-январындагы № 90
Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эркин калдыктар жөнүндө
Эл депутаттарынын Оргочор айылдык кенешинин сессиясынын Оргочор айыл оөкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Казиеванын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жыл аягында эркин калдыктар жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеңештин 28-чакырылышынын 25-сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттеги 2024-жылдын 1-январь айына карата эркин калдыктар – 351,8 мин сом өлчөмүндө жүргүзүлсүн.
70629- ЖКХ бөлүмүнө 3112-статьясына жумшоого 120,0 мин сом жана 3111-статьясына жумшоого 90,0 мин сом, ушул эле бөлүмдүн 2222-статьясына 41,8 мин сом; 70921 – СШ бөлүмүнө 3112- статьясына 100,0 мин сом жумшоого бекитилсин.
2. Атайын эсептен 2024-жылдын 1-январына 327,1 мин сом өлчөмүндө жүргүзүлсүн. Бала бакчалардын атайын эсебинин – 327,1 мин сом 2218- статьясына бекитилсин.
3. Каралган акча каражаттар бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоону айыл өкмөтүнүн башчысына жана көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Оргочор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У.Дыйканбаев |