Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы

2024-жылдын 17-январы № 20/1

Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга бюджетти бекитүү жана 2025-2026- жылдар бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде Уч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана экономика туруктуу комиссиясында каралып, талкулангандыгы эске алып, Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн ФЭБ башкы эсепчисынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Уч-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөттүн 2024-жылга кирешелер бөлүгүү 58507,9 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга чыгашалар бөлүгү 58507,9  миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдар учун бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу 2025-жыл кирешелер жана чыгашалар боюнча 64100,7 миң сом өлчөмүндө, 2026-жылга кирешелер жана чыгашалары 70569,7 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык жаптырылсын.
  1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети 2024-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айыл кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага

Б.Юрсунов