Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 19-январы № 3

 

“Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн

эсебиндеги эркин калдык жѳнүндѳ”

 

Айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековдун айыл ѳкмѳтүнүн эсебиндеги жыл аягына эркин калдык жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп, талкуулап эл депутаттарынын Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы токтом кылат:

 

1. 2024-жылдын 1-январына карата, Тамга айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсебиндеги эркин калдык 12 040 (он эки миң кырк) сом ѳлчѳмүндѳ жүргүзүлсүн.

 

2. Атайын эсебиндеги 2024-жылдын 1-январына эркин калдык 12 040 (он эки миң кырк) сом балдар бакчаларынын эсебинде жүргүзүлсүн.

 

3. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын камсыздоону Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага А.Букаров