Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 19-январы № 4

 

Тамга, Тосор айылдарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемелериндеги тарбиялануучу балдарга жеңилдик берүү жѳнүндѳ

Тамга айыл аймагындагы Тамга айылындагы «Байчечекей», Тосор айылындагы “Бугу-Эне” мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемесиндеги тарбиялануучу балдардан ар бир айда ата-энелердин эсебинен тѳлѳнүүчү тѳлѳмгѳ аз камсыз, жарты жетим балдарга жеңилдик берүү Тосор айылынын тургуну А.Алымбековдун, Б.Эшимбаевдин, М.Мамбеталиеванын кайрылууларын айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын  кезектеги I- сессиясы  токтом кылат:

1. Тамга айылындагы «Байчечекей» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемесиндеги 2023-2024 окуу жылына карата аз камсыз, жарты жетим болгон тѳмѳнкү тарбиялануучу балага ар бир айда ата-энелердин эсебинен тѳлѳнүүчү тѳлѳмгѳ жеңилдик берилсин:

1. Кайнарбекова Айлин Элдияровна

2. Тосор айылындагы «Бугу-эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемесиндеги 2023-2024-окуу жылына карата аз камсыз, жарты жетим болгон тѳмѳнкү тарбиялануучу балдарга ар бир айда ата-энелердин эсебинен тѳлѳнүүчү тѳлѳмгѳ жеңилдик берилсин:

1. Болотов Алим Эрланович

2. Болотов Алихан Эрланович

3. Сыдыкбаева Нурзирек Азатовна

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановго тапшырылсын.

 

Тѳрага А.Букаров