Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылыштын кезектеги 19-сессиясы

2024-жылдын 06-февралы № 29

 

Теплоключенка айыл аймагында 2024-2026-жылдар аралыгында

социалдык заказды ишке ашыруу программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги  №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамынын негизинде Теплоключенка айыл аймагында социалдык заказды ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун маалыматын угуп, талкууга алып,  айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Теплоключенка айыл аймагында 2024-2026-жылдар аралыгында социалдык заказды ишке ашыруу программасы бекитилсин, тиркелет.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                   А.И.Алмабеков

 

                                                       

 

 

 

 

 

                                                      

 

 

 

 

 

                                                                                                                   Тиркеме 

                                                                                Теплоключенка айылдык кеңешинин

                                                                                                     2024-жылдын 6-февралындагы

                                                                                                   №29 токтому менен бекитилди

 

ТЕплоключенка Айыл аймагында  2024-2026-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДА

социалдык заказды ишке ашыруу программасы

Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу аркылуу коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана социалдык-пайдалуу максаттарга жетүү мамлекеттик социалдык заказдын максаттары болуп саналат.

Бул 2024-2026-жылдарга бекитилген мамлекеттик социалдык заказ программасы (мындан ары - Программа) «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, жүргүзүлгөн калктын муктаждыктарын жана талаптарын изилдөө, баалоо жыйнтыктарын эске алуу менен иштелип чыкты.

Бул иш чаралар мамлекеттик социалдык заказдын максаттарына жетишүүнү,  коомдун социалдык маанилүү көйгөйүн чечүү жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарды тартуу аркылуу социалдык пайдалуу максаттарга жетишүүнү камсыз кылат.

Мындан тышкары, бул иш-чаралар жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү пайдаланууну камсыздайт жана көрсөтүлгөн социалдык кызматтарга алуучулардын канааттануусуна өбөлгө түзөт.

Жергиликтүү калктын муктаждыктарын изилдөөнүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун көйгөйлөрүн аныктоонун негизинде атайын түзүлгөн жумушчу топ жакынкы жылдарда социалдык заказды ишке ашыруу программасына киргизүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды аныктады:

1.«Кыргыз жараны» концепциясынын принциптерине ылайык, жергиликтүү жаштардын потенциалын жогорулатуу, адеп-ахлактык тарбия иштерин күчөтүү;

2. Социалдык реабилитация үчүн шарттарды түзүү жолу менен калктын аярлуу катмарынын (үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары болгон аялдар, майыптар, мигрант адамдар, жумушсуз адамдар ж.б.) арасында жакырчылыкты жана жумушсуздукту азайтуу

Учурдагы социалдык көйгөйлөрдү негиздөө

«Кыргыз жараны» концепциясынын принциптерине ылайык, жергиликтүү жаштардын потенциалын жогорулатуу, адеп-ахлактык тарбия иштерин күчөтүү

Коомдук пайдалуу максаты: жеке потенциалды чыңдоо, инсандар аралык коммуникация көндүмдөрүн жана жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу аркылуу жаш калкты жергиликтүү жамааттын социалдык жашоосуна тартуу жана алардын бош убактысын туура уюштуруу. Теплоключенка ААда укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана “Кыргыз жараны” концепциясынын принциптерин жайылтуу.

Теплоключенка айыл аймагында 14-35 жаштагы 4305 жаштар жашайт. Изилдөөгө ылайык, аймак тургундары жаштардын билим берүү, адеп-ахлактык жүрүм-туруму, активдештирүү жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу көйгөйүн жергиликтүү коомчулуктун эң негизги көйгөйү катары айтышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаштардын бош убактысын туура уюштурууга мүмкүнчүлүгү жок. Жаштар бош убактысында формалдуу эмес топторго чогулуп, көбүнчө спирт ичимдиктерин ичишет, мушташка катышышат ж.б. ААда жаштарды өнүктүрүү жана аларды айыл аймагынын коомдук турмушуна тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн атайын мекемелер жок. АА деңгээлинде жаштарды инсандык жана профессионалдык сапаттарын  жогорулатууга, маданий-адептик тарбиялоого багытталган иш-чаралар жокко эсе. Аткарылса да көп бөлүгүн камтый албай, сейрек аткарылат.

Жергиликтүү жаштар ар кандай курстар, семинарлар, иш-чаралар аркылуу билимин жогорулатуу үчүн облус борборуна барууга аргасыз. Жаштардын ААнын территориясында бош убактысын өткөрүү үчүн ар кандай өнүктүрүү кружокторуна жана секцияларына катышууга мүмкүнчүлүгү жок. Жаштар шаарга эс алуу, билим алуу жана ишке орношуу үчүн да кетишет.

Бош убакыттын ашыкча болушу, өзгөчө бир катар себептерден улам аны туура уюштуруу мүмкүн болбосо, олуттуу коркунучту камтыйт - алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн көбөйүшү, диний жана саясий мүнөздөгү ар кандай агымдарга тартылуу, маданий жеке профессионалдык өсүүгө болгон муктаждыктардын калыптанбай калышына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле жаштар арасындагы бекерчилик адеп-ахлактык тарбиянын төмөндөшүнө себеп болот.

Азыркы коом социалдык-экономикалык өнүгүү жана турмуштун бардык жактарын руханий жактан жаңыртуу максатында жарандардын бош убактысын натыйжалуу пайдаланууга кызыкдар болушу керек. Биринчиден, бул ААнын эң активдүү жана эң күчтүү жана активдүү социалдык тобу катары жаштарга тиешелүү. Ошондуктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн биринчи кезекте жаштардын бош убактысын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, АА өнүктүрүүгө экономикалык да, социалдык да, адеп-ахлактык жактан да активдүү катыштыруу маанилүү.

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында “Кыргыз жараны” Концепциясынын негизинде жергиликтүү жаштардын шарттарын жакшыртуу, алардын потенциалын өнүктүрүү жана маданий-адептик тарбиялоону күчөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу пландаштырылууда. Концепциянын принциптеринин бири жана негизги максаты Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүк – кыргыз жаранын өнүктүрүү болуп саналат. Социалдык пайдалуу долбоорлор Теплоключенка ААнын стратегиялык багыттарынын максаттарына жана милдеттерине ылайык ишке ашырылат.

Социалдык реабилитация үчүн шарттарды түзүү аркылуу калктын аялуу катмарынын арасында жакырчылыкты жана жумушсуздукту азайтуу

Социалдык-пайдалуу максат: жарандардын аялуу категорияларынын (Теплоключенка ААда жашаган оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары, жумушсуздар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ж.б.у.с.) жашоо сапатын жакшыртуу.

Теплоключенка айыл аймагында 359 жакыр  үй-бүлө жашайт, анын ичинен 100 үй-бүлө аз камсыз болгондорго кирет. Жылына 500дөн ашык жарандар жардам жана жумушка орношуу үчүн социалдык өнүктүрүү органдарына жана социалдык кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдарга кайрылышат. Алардын 10 пайызы гана жумуш таба алат. Мамлекет тарабынан берилүүчү социалдык камсыздоо негизги керектөөлөрдү гана камтыйт.

Жумушсуздуктун деңгээли бүгүнкү күндө бир эле айыл аймагында эмес, республика боюнча курч. Жумушсуздуктун жогорку деңгээли массалык жакырчылыкка, эмгек акынын төмөндөшүнө алып келет жана ААнын социалдык жана экономикалык туруктуулугуна коркунуч келтирет.

Бүгүнкү күндө жумушсуздуктун себеби болуп товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын ар түрдүүлүгү, эмгек рыногундагы туруксуздук жана анын натыйжасында жумушчу күчкө суроо-талаптын  озгөрүшү саналат. АА деңгээлинде калкка кызмат көрсөтүү тармагында орто билимдүүү адистиктер суроо-талапка ээ. Жумушсуздуктун жогорку деңгээли үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун, кары-картаңдарды, балдарды жана аялдарды кордоо фактыларынын көбөйүшүнө да таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, жумушсуздук көп, адеп-ахлактык тарбия төмөн болгон жерде зордук-зомбулук, ырайымсыздык, өнүгүүнүн төмөн деңгээли басымдуулук кылат.

Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн калктын аярлуу катмарын социалдык реабилитациялоо боюнча комплекстүү иш-чаралар керек. Мындай топторду жаңы квалификацияларга окутууну жана андан ары ишке орноштурууну, жаңы жумуш орундарын түзүүнү, ААда социалдык ишкердикти колдоону жана башка көптөгөн жашоонун сапатын жакшыртуучу иш чараларды камтыйт.

Мамлекеттик заказдын алкагында билим берүү (квалификацияны жогорулатуу, кесипке багыт берүү), киреше алып келүүчү ишканаларды түзүү, туризм, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ресурстук колдоо жана башка көптөгөн тармактарда долбоорлор ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.