Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 811-т тескемесине) |
Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүнүн жана колдонуунун ТИПТҮҮ ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү тартип санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүү, колдонуу жана сыпаттоо жол-жоболорун тартипке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүү максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүүгө жана колдонууга бирдиктүү талаптарды белгилейт.
2. Ушул Типтүү тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
- санариптик кызматтык күбөлүк - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын (мындан ары - кызматчы) инсандыгын күбөлөндүрүүнү камсыз кылуучу жана тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (мындан ары - ЖӨБ органдары) таандыктыгын, анын кызмат өтөөсүн ырастоочу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларында камтылган жана "Tunduk Gov" мобилдик тиркемесинде түзүлүүчү маалыматтардын жыйындысынан турган санариптик форматтагы документ;
- "Tunduk Gov" мобилдик тиркемеси (мындан ары - "Tunduk Gov") - бул санариптик форматта кызматтык күбөлүктөрдү түзүүнү камсыз кылуучу жана кызматчылар үчүн башка функциялары бар мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо;
- "ККБС" бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система (Кирүүнү контролдоо жана башкаруу системасы) (мындан ары - "ККБС") - коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматчылардын кирүүсүн жөнгө салуу максатында мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына кирүүнү жана чыгууну контролдоого багытталган техникалык каражаттардын жыйындысы;
- мобилдик түзүлүш - чалууга, мобилдик тиркемелерди ишке киргизүүгө жана Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар мультимедиа файлдарын иштетүүгө арналган портативдик түзүлүш.
3. Ушул Типтүү тартиптин колдонулушу аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга жайылтылбайт.
4. Санариптик кызматтык күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) кызматчынын Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун алмаштырбайт.
5. "Tunduk Gov" техникалык оператору болуп "Түндүк" ачык акционердик коому саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 903-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Санариптик кызматтык күбөлүктөрдү берүү тартиби
6. Кызматчыга күбөлүк берүү үчүн негиз болуп мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын кызмат орунга дайындоо, кызмат боюнча которуу жөнүндө буйругу (тескеме) саналат.
7. Кызматчы "e-Kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "e-Kyzmat" АМС) катталгандан кийин күбөлүк "Tunduk Gov" пайда болот.
"Tunduk Gov" кирүүгө уруксат алуу үчүн кызматчы Бирдиктүү идентификациялоо системасында (мындан ары - БИС) жана "e-Kyzmat" АМСте катталууга тийиш.