ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28 чакырылышынын 1-сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 1-28/6
Комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө 2023-жылдын 30 январындагы 1-4 пунктарга ылайык
Айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу максатында 2023жылдын 30 январындагы комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө карап жана талкуулап
Жаңы-Жер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Комиссиянын 2023-жылдын 30-январындагы төмөнкү пунктар боюнча чечими бекитилсин
1) Бош жерлерди пайдалангандыгы үчүн аксынын ставкасы өткөн жылдын деңгээлинде 1 гектарга 975сом өлчөмүндө бекитилсин.
2) № 213-0,70 га контурдагы жер тилкеси эл арасында чыр-чатактарды болтурбоо максатында жана өтүнүчү боюнча айыл өкмөтүнүн карамагына калтырылсын жана эч кимге ижарага берилбесин.
Тургундары (59кол)
3) № 214-0,4 га контурдагы жер участогуна арыз кароосуз калтырылсын:
мамлекеттин карамагындагы башка жерлер кандай каралып жатат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октярындагы № 535 “Мамлекеттик жер участокторунун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде.
4) Б.К № 243жерн аянты 9 га мөөнөттүү пайдаланууга төмөнкү ижарачыга:
Сагынбаев М., Лолаев К., Шомурзаева Г., Зулпукаров А, Орозбаев Т., берилсин. №99 контурдагы 5,0 га жер тилкеси эки арыз берүүчүгө бөлүнсүн: 3,0 га Орунбеков.Ш жана 2.0 га Мартомарова.Ж.
-2023-жылдын 30-январында келип түшкөн башка арыздар боюнча, 2023-эгин жылына аянтын өзгөртпөстөн ижара келишимдердин мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыздар келип түшкөндөн кийин, 2023-себүү жылына келишимдерди узартуу.
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж.Казаков |