Редакцияот 14.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIII-сессиясы

2023-жылдын 14-ноябры № 2

“Медресе айылындагы Ош -өзгөн жолу №353 контурунда жайгашкан жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жалпысы 0,805 га жер аянты өндүрүштүк объектилердин куруу максатында транформацияга берүү жөнүндө”

 

Шарк айыл аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында Медресе айылындагы Ош - өзгөн жолунда №353 контурда жайгашкан 0,20 га жана 0,60 га жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы жалпысынан 0,805 га жер аянтына өндүрүштүк объектилерди куруу максатында, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 31 январында №27-б “Жерге болгон мамилерди мыйзым чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынын 2023жылдын 13 октябрында берилген оң корутундусунун негизинде, Шарк айылдык өкмөтүнүн башкы жер адиси Сатыбаев К. берген (чыг. 04.11.2022 ж. №930-II.) маалыматын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

Токтом кылат:

1.Жерлерди трансформациялоо боюнча иштерди жүргүзүлүшү бекитилип берилсин;

2.Аталган жерлер боюнча которууга тийиштүүболгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов