Редакцияот 14.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIII-сессиясы

2023-жылдын 14-ноябры № 2

Шарк айыл өкмөтүнүн 2023 – жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Шарк  айыл өкмөтүнүн 2023 - жылдын 14 - ноябрына карата жергиликтүүбюджетинин 9-айлык отчетун аткарылышынын жыйынтыктарынын негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүмаселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-статьясын жетекчиликке алуу менен айылдык Кеңеш

Токтом кылат:

1. Шарк айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде эконом болуп калган акча каражаттарын зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин:

-70629«Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 3111 статьясы эсебинен – 617,0 миң сом;

-70911 «Мектепке чейинки билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын: 2221 статьясы эсебинен – 70,0 ми ң сом, 2222 статьясы эсебинен – 35,0 миң сом жана 3111 статьясы эсебинен – 762,0 миң сом  болуп, жалпысынан – 867,0 миң сом;

-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын: 2221 статьясы эсебинен – 112,0 миң сом болуп, тармактар боюнча бардыгы –1596,0миң сом кыскартылып төмөндөгү тармактардын статьяларына отургузулсун;

-70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 2215 статьясына – 416,0 миң сом жана 3112 статьясына – 25,0 миң сом болуп, жалпысынан – 441,0 миң сом;

-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2222 статьясына – 150,0 миң сом жана 3111 статьясына – 875,0 миң сом болуп, бардыгы – 1025,0 миң сом.

-71092 «Социалдык коргоо» тармагынын 2721 статьясына – 130,0 миң сом болуп, бардык тармактар боюнча – 1596,0 миң сом;

2.Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин  бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов