Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы

 

2024-жылдын 6-февралы №5

Сугат суу жана таза суу ишканаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Сугат суу жана таза суу ишканаларын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү  максатында     Кара-Бак айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Кара-Бак айыл аймагындагы агын суу жана таза суу ишканаларын айыл өкмөттүн балансына кабыл алып, муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.

 

2.Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын

 

 

 

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова