КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы №6
Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы 28,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 08.01.2024-жылдагы №01-13/9 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк участкасындагы 12,5 га жер аянтына бак тигип жашылдандыруу, 1,0 га жер аянтына панарама орнотуу жана 14,5 га жер аянтын көрүстөн катары пайдалануу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №232-контурунда жайгашкан 14,5 га жер аянтын көрүстөн катары пайдалануу үчүн, 1,0 га жер аянтына панарама куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кара-Бак айылынын Ак-Өтөк участкасындагы №232-контурунда жайгашкан 12,5 га жер аянтына бак отургузуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, бак түрүнө которууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |