КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXХV-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы №10
Жер аянттарын жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жеке менчикке аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр жана Көк-Дөбө участкаларынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун, жана башка жерлер” категориясына которулган жалпы 115,6 га жер аянты:
1. Көк-Дөбө участкасынан -70,0 га
2. Көк-Дөбө участкасынан -20,0 га
3. Алты-Адыр участкасынан -10,0 га
4. Алты-Адыр участкасынан -12,0 га
5. Көк-Дөбө участкасынан -3,66 га
жана Алты-Адыр участкасынан турак жайга берилген 300,0 га жер аянтынын ичиндеги артыкбаш жер аянттарын аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |