Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясынын

 

2024-жылдын 26-январындагы №6

 

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдан 2024-жылга өткөн акча каражатынын каржыланышы,

сарпталышы жөнүндө

 

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджеттик каражаттан калдык болуп калган акча каражатынын 2024-жылга карата каржыланышы сарпталышы боюнча 120 000 сом-Куйбышев айылындагы жолдорду оңдоого, труба койдуруу, шагылдоого, 143 329 сом айылдардагы жолдорду оңдоо, шагылдоо, труба койдурууга, 83600 сом –жайыт комитетине, 100 000 сом-жолбун иттерди атууга, 52000 сом-бала бакчалардагы (род взнос) азык түлүккө, 84 810 сом- ар кандай чарбалык чыгымдарга, 500 000 сом-Жаңы-Жолдогу бала бакчага сарпталышы боюнча, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясы токтом кылат :

 

  1. Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. 2023-жылдан 2024-жылга өткөн акча каражаттары төмөндөгүдөй разделдерге, статьяларга бөлүнүп берилсин :

 

Раздел аппарат 70 111

статья 2215 120 000 сом

статья 2215 143 329 сом

статья 2215 100 000 сом

 

Раздел жайыт 70429

статья 2215 83 600 сом

 

Жалпы : 446 929 сом ;

                   

Атайын каражаттан

 

Раздел бала бакча 70911

статья 2218 52 000 сом

статья 3111 500 000 сом

 

Раздел аппарат 70111

статья 2222 84 810 сом

 

Жалпы : 636 810 сом

                            

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик  тилде гана кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

                             

 

Төрага :

 

Т.Өзүбеков