РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы
2024-жылдын 9-февралы № 1
2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен дем берүүчү гранттарга өздүк салым катары акча каражатын ажыратуу жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы №2 токтому менен бекитилген 2024-жылга карата дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоого сунушталган Раззаков шаарынын А.Ходжаматов, Голбо айылынын Ынтымак жана Жаштар көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоого жалпы 12244668сом анын ичинен өздүк салым 7244668сом, Раззаков шаарынын Жалал Өсөров көчөсүнө тратуар куруу жана абаттоого жалпы 4828330сом анын ичинен өздүк салым 1828330сом жана Самат-Ак-Босого таза суу түтүктөрүн орнотууга жалпы 4895510сом анын ичинен өздүк салым 1895510сом долбоорлоруна 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары жалпы 10968508сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |