КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 16-ноябры ПЖ № 312
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Талас облусунун Талас шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Мамашов Алмаз Абдибалиевичтин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2023-жылдын 14-октябрынан тартып токтотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |