Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы

 

2024-жылдын 9-февралы № 2

Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Раззаков шаарынын аймагындагы каада-салттарды, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү” №1 токтому менен кабыл алынган Жобонун аткарылышы жөнүндө.

Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Раззаков шаарынын аймагындагы каада-салттарды, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү” №1 токтому менен кабыл алынган Жобонун аткарылышы жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХI сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Раззаков шаарынын аймагындагы каада-салттарды, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү” №1 токтому менен кабыл алынган Жобонун аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын  www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Б.Айтемиров