Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы

 

2024-жылдын 9-февралы № 3

Раззаков шаарынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХI  сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Раззаков шаарынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

2.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров

Раззаков шаардык Кеңешинин VI

чакырылышынын  кезектеги                                                                                                                                                                          XXXI  сессиясынын 2024-жылдын                                                                                                                                                                                                                          9-февралындагы  №3 токтомуна тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасы                                                                         Баткен областы Лейлек району                                                              Раззаков шаарынын мэриясы

 

 

 

 

 

 

Раззаков шаарынын

2024-2026-жылдарга

СОЦИАЛДЫК - ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

 

(СЭӨП 2024-2026  –  ПСЭР 2024-2026)

 

 

 

 

 

 

 

Раззаков шаары

 2024-жыл.

 

Кыргыз Республикасы                                                                         Баткен областы Лейлек району                                                              Раззаков шаарынын мэриясы

 

 

 

 

 

 

Раззаков шаарынын

2024-2026-жылдарга

СОЦИАЛДЫК - ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

(СЭӨП 2024-2026  –  ПСЭР 2024-2026)

 

 

Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXI сессиясынын

 2024-жылдын 9-февралындагы  №3 токтому менен бекитилди

 

 

«Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом коом да таза болот!»

Исхак Раззаков

 

 

 

 

 

Раззаков шаары

 2024-жыл.

 

 Мазмуну

 

 

I-бөлүк. Раззаков шаары тууралуу маалымат.        7

1.1. 2024-жылдын 1-январына карата Раззаков шаарынын паспорту          7

 

II-бөлүк. Азыркы учурдагы абал жана өнүгүүнүн болжолу.     13

2.1. 2023-жылда аткарылган жумуштар жана негизги көрсөткүчтөр.         13

2.2. Жергиликтүү маанидеги маселелер.         26

2.3. СЭӨП иш-чараларын түзүүдө негиз болгон ченемдик актылар:          28

2.4. Өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолу жана 17 туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ 17) менен шайкештиги.     29

2.5. Көйгөйлүү маселелер жана артыкчылыктуу багыттар.  32

 

III-бөлүк. Өнүгүү программасынын иш-чаралары жана бюджеттин долбоору.       35

3.1. Алдыдагы мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттин долбоору.      35

3.2. 2024-жылга СЭӨП иш-чаралары.  47

3.3. 2025-жылга СЭӨП иш-чаралары.  51

3.4. 2026-жылга СЭӨП иш-чаралары.  54

3.5. Негизги инвестициялык долбоорлор.        57

 

IV-бөлүк. Мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктер жана милдеттенмелер.      59

4.1. Тобокелдиктер жана коркунучтар. 59

4.2. Жыйынтык.   60

 

 

 

 

 

 

I-бөлүк. Раззаков шаары тууралуу маалымат.

1.1.         2024-жылдын 1-январына карата Раззаков шаарынын паспорту.

 

1.     Жалпы маалымат.