Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы

 

2024-жылдын 9-февралы № 4

Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасындагы 21,2га жер тилкесин шаардын башкы планына кошууга макулдук берүү  жөнүндө.

  

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасындагы 21,2га жер тилкесин шаардын башкы планына кошууга макулдук берүү  жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХI сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Раззаков шаарына караштуу Пулон участкасындагы 21,2га жер тилкесин шаардын башкы планына кошууга макулдук берилсин.

2.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Б.Айтемиров