Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна) |
Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул «Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму жөнүндө» жобо (мындан ары – Жобо) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумунун (мындан ары – НБМТ) максаттарын, милдеттерин, функцияларын, оператордун жана колдонуучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле НБМТда нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартибин жана НБМТга кошуу тартибин аныктайт.
2. Жобо НБМТны түзүүгө жана иштөөсүнө карата негизги мамилелерди аныктайт, бул системага киргизилүүчү маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана пайдаланууда оператор менен өз ара маалыматтык аракеттенүүнүн колдонуучуларынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
3. Жобо өз ара маалыматтык аракеттенүүнүн бардык колдонуучулары үчүн колдонууга милдеттүү.
4. НБМТ төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
2 нотариустардын жана башка кызмат адамдарынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык коомдун калыптануусунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;
3 нотариустардын жана башка кызмат адамдарынын жеке жана юридикалык жактар менен, анын ичинде алардын сапаттуу нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бул үчүн зарыл маалыматты тоскоолдуксуз жана өз убагында алуусу үчүн натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү;
4 коррупциялык факторлорду жоюу жана нотариат системасында айкындуулукту камсыздоо;
5 нотариалдык ишти оптималдаштыруу жана нотариустардын, чет өлкөдөгү мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын (мындан ары – башка ыйгарым укуктуу адамдар) ишине заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү;
6 санариптик коом өнүккөн шарттарда жарандарды жана юридикалык жактарды нотариалдык коргоону камсыздоо;
7 нотариустарга жана башка ыйгарым укуктуу адамдарга нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардан маалыматты берүү;
8 статистикалык отчетторду түзүү;
9 кирген жана чыккан электрондук документтерди эсепке алуу, иш кагаздарын жүргүзүү сапатын жогорулатуу;
10 нотариалдык ишти көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
11 ишеним каттарды, мурас иштерин аныктыгын текшерүү үчүн ачык реестрлерди (сервистерди) түзүү;
12 «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын (мындан ары – «Түндүк») пайдалануу менен электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү органдар менен өз ара маалыматтык аракеттенүүнү камсыздоо.
2. Терминдер жана аныктамалар
5. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана түшүнүктөр:
НБМТнун жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси)– жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоого жана жеке маалыматтарды топтоону, сактоону, иштетүүнү жана пайдаланууну көзөмөлдөө ыйгарым укугу менен «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги болуп саналат.
НБМТнун модулдары – бирдиктүү маалымат тутумунун өз алдынча бөлүктөрү же ички түзүмү бар башка программалык модулдардан көз карандысыз белгилүү бир максатты көздөгөн жана иштеп чыгуунун белгилүү функцияларын камсыз кылган Бирдиктүү маалымат тутумунун ички түзүүчү бөлүгү.
Нотариалдык электрондук архив – (мындан ары – электрондук архив) нотариалдык документтерди электрондук түрдө чогултуу, алуу, комплекттөө, иретке келтирүү, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн арналган борборлоштурулган маалыматтык система.
Нотариалдык электрондук репозиторий – нотариалдык документтерди электрондук түрдө убактылуу сактоону, эсепке алууну жана пайдаланууну камсыздаган НБМТнун компоненти.
Маалыматтын ээси – маалыматты өз алдынча түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде белгилүү бир маалыматты алууга уруксат берүү же чектөө укугун алган жак (жеке же юридикалык, анын ичинде Кыргыз Республикасы).
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий веб-сайты (мындан ары - веб-сайт) - маалыматты жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн каралган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин электрондук порталы.
НБМТнун колдонуучусу - нотариустар, нотариустун жардамчысы(лары) жана стажеру(лору), чет өлкөдөгү мекемелердин жана өз алдынча башкаруу жергиликтүү кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы (мындан ары – КР НП).
Скан сүрөт– кагаз алып жүрүүчүнү Portable Document Format (PDF) чечиминде сүрөт түрүндө компьютердин экранына өткөрүүчү санариптик образ.
Маалыматты криптографиялык коргоо каражаттары – криптографиялык өзгөрүүлөр алгоритмин, шифрлөө ачкычтарын түзүүнү, калыптандырууну, бөлүштүрүүнү же башкарууну жүзөгө ашыруучу программалык камсыздоо же аппараттык программалык комплекс.
Электрондук кол тамга каражаттары - электрондук кол тамганы түзүү, электрондук кол тамганы текшерүү, кол тамга ачкычтарын жана кол тамганы текшерүү ачкычтарын түзүү сыяктуу функциялардын кеминде бирин ишке ашыруу үчүн пайдаланылган шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар.
Колдонуучунун статусу – адамдардын НБМТдагы маалыматты алууга чектелген же толук жетүү мүмкүндүгүн алуу укугу.
НБМТнун техникалык оператору – НБМТнун ээси тарабынан аныкталган жана аны мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтык системалары жана маалымат базалары менен интеграциялоону жана техникалык коштоону жүзөгө ашырган юридикалык жак.
Уникалдуу номер – жеке нотариустун лицензиясынын номеринен же мамлекеттик нотариустун каттоо номеринен, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо күнүнөн жана нотариалдык иш-аракеттердин тамга-цифра төрт орундуу номеринен турган НБМТму ыйгаруучу номер.
Мурас иштерин каттоо боюнча электрондук реестр - бардык мурас иштери катталган бирдиктүү электрондук реестр.
Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо боюнча электрондук реестр - нотариустар, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзгөн бардык нотариалдык иш-аракеттер катталган бирдиктүү электрондук реестр, анда ар бир нотариалдык иш-аракетке реестрдик уникалдуу номер ыйгарылат.
Аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттерди каттоо боюнча электрондук реестр - аралыктан жүргүзгөн бардык нотариалдык иш-аракеттер катталган бирдиктүү электрондук реестр, анда ар бир нотариалдык иш-аракетке реестрдик уникалдуу номер ыйгарылат.
QR «тез жооп» — бул санариптик түзүлүш тарабынан оңой окулган жана сыртынан кара-ак оймо-чийме сыяктуу көрүнгөн квадраттык тордогу пикселдер сериясы түрүндө маалыматты сактаган штрих-коддун эки ченемдүү түрү. QR-код эки багытта окулат – горизонталынан жана вертикалынан,QR-кодду сканерлөөдө колдонуучу бул маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн алат.
Квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары - КЭК) - колтамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында электрондук колтамга алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактыларын табууга мүмкүндүк бере турган жана электрондук документке кол коюучу адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган электрондук колтамга болуп саналат.
Колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (мындан ары - квалификацияланган сертификат) - аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы, же болбосо башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу, электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы тарабынан берилген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты.
3. НБМТ операторлорунун укуктары жана милдеттери