Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 5

Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Бекмолдо айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.

2.  Талас областынын Талас районунун Бекмолдо айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Бекмолдо айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.

 

3.  Бекмолдо айыл өкмөтүнүн/айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.

 

4.  Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Турукменовго жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Осмонов