Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХIII сессиясы

2023-жылдын 26-декабры №101

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын жашоочулары үчүн ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, 2023-жылдын 13-майындагы Боз-Адыр айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйналышынын протоколунун негизинде ичүүчү таза сууга төлөөнүчү акчанын тарифин бекитүү жөнүндө билдирүүнү угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясы токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын жашоочулары үчүн ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, 2023-жылдын 13-майындагы Боз-Адыр айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйналышынын протоколунун  негизинде ичүүчү таза суунун 1м3 (куб) 30(отуз) сом деп белгиленүүгө  макулдук берилсин.
  1. Токтомду аткарууга алуу, аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бөрүев