Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХIII сессиясы

2023-жылдын 26-декабры №98

Суу-Башы айыл аймагынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетине  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджеттик комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,  Суу-Башы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХIII сессиясы токтом кылат:

 

1.     Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2214-статьясындагы 60,0 миң сомун аппарат бөлүмүнүн , 2215- статьясына аппарат бөлүмүнүн 2221-статьясындагы 140,0 миң сомун аппарат бөлүмүнүн 2215-статьясына , аппарат бөлүмүнүн 2111-статьясынан 300,0 миң сомун, аппарат бөлүмүнүн 2215-статьясына,2121-статьясынан 51,7миң сомун 2215-статьясына жылдырууга макулдук берилсин.

2.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Бөрүев