Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенештин VII  чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 28-февралы № 68

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаттары бюджет комитети менен биргеликте 2023-жылга айыл өкмөтүнун бюджетин кеңири талкуулап чыгышты жана бир нече сунуштар менен толуктоолор киргизилди.

Жогорудагы биринчи маселе боюнча Суу-Башы айылдык кеңеши, 2023-жылдын 28-февралындагы  VII чакырылышын кезектеги ХХVI сессиясындагы протоколунун негизинде токтом кылат:

           

            1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн  2023-жылга карата бюджети бир добуштан бекитилсин.

2. 2023-жылга карата бекитилген бюджеттин кагаздагы вариантын бюджет комитети менен биргеликте чыгарып айылдык кеңештин  депутаттарга берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Райимкулова Жумагүлгө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К .Дыйкановго жана  айылдык кеңештин катчысы А.Бөрүевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Бөрүев