ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2023-жылдын 1-декабры № 2
Өрүктү айылдык аймагынын бюджетинин 2023-жылдын IV кварталына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын бюджетинин 2023-жылга карата киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүлөрүн эске алып, бюджеттин IV кварталга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагынын 2023-жылдын IV кварталына карата бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү тармактар боюнча:
- лицензияны кармоо салыгы 500,0 миң сомго;
- тоо кен тармагынан 2% төлөм 1 500,0 миң сомго, бардыгы болуп 2 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Жогорудагы көбөйтүлгөн акча каражаттары төмөнкүдөй статьялар боюнча бөлүштүрүлсүн:
- ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясына 1 850,0 миң сом;
- ЖКХ бөлүмүнүн 3112 статьясына 150,0 миң сом, бардыгы болуп жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 2 000,0 миң сомго көбөйтүлүп бекитилсин.
3. Жогорудагы акча каражаттарын тиешелүү статьялар боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде чыгымдоо жагы айыл аймактын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |